Акыркы макалалар

4-бала төрөлгөндөн тартып 300 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүү сунушталууда

Көп балалуу үй-бүлөлөргө 4- бала төлөлгөндөн тартып мамлекет тарабынан 300 миң сом өлчөмүндө акчалай төлөм төлөп берүү сунушталууда. Буга байланыштуу "Балдары бар үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" мыйзамдын долбоору бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйналышына алынып чыкты.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, аталган мыйзам долбоору 2012-жылы иштелип чыккан.

"2012-жыл Кыргызстандын президенти тарабынан үй-бүлө жылы деп жарыяланган. Аны бардыгыбыз колдогонбуз. Ал декларацияны жөн гана декларация боюнча калтырбаш үчүн Кыргызстандагы көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында аталган мыйзам долбоору иштелип чыккан. Бизде көп балалуу үй-бүлөлөр абдан көп. Бирок тилекке каршы алардын бардыгы балдары үчүн сапаттуу жашоонун камсыз кыла алышпайт. Ага ылайык, көп балалуу үй бүлөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү үчүн төлө сунушталууда. Көп балалуу үй- бүлөлөргө мамлекет тарабынан колдоо болуусу керек. Андыктан 4-5-6-7-8- бала төрөлгөн үй-бүлөлөргө 300 миң сом төлөм киргизүүнү сунуштап жатабыз",- деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү аталган мыйзам долбооруна өкмөт буга чейин дагы терс корутунду бергендигин айтып, бул жолу дагы каршы пикирин билдирип жаткандыгын маалымдады.

Аны ал каржы маселеси менен байланыштырып, эгерде мыйзам долбоору иштей турган болсо мамлекеттик бюджеттен жылына 25 млрд сомдон ашык акча керек боло тургандыгын билдирди.

Бирок демилгечи буга чейин бир топ мыйзам долбоорлору өкмөттүн каршы пикирине карабастан Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого алынгандыгын айтып, кесиптештеринин колдоп берүүсүн суранды.

"2012-жылы дал ушул 4-5-6-7-8-болуп 24 миң 541 бала төрөлгөн. Аны 300 миңге көбөйткөндө жылына 7,5 млрд сом талап кылынат экен. Албетте, өкмөт бюджеттин жетишсиздигине карап жатат. Бирок аны "Кумтөр", "Жерүй" сыяктуу долбоорлоор аркылуу тапса болот",- деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө, "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Татьяна Левина өкмөттө каражат жетишсиз болуп жаткандыктан мыйзам долбоорунун аткарылышын 2016-жылга белгилөөнү сунуштады.

Ал эми КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева өлкөдө көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо зарылдыгын айтып, мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

"Бул өтө керектүү мыйзам долбоору. Акча табуу өкмөттүн милдети. Биз элдин өкүлдөрү элдин кызыкчылыгын көздөшүбүз керек",- деди ал.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окуудан палатанын кароосуна жөнөтүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...