Акыркы макалалар

Өзгөн балык чарбасына тоют даярдоочу цех куруу каралууда

КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Нурлан Дүйшеев жана Балык чарба департаментинин директору Самарбек Күчүков “Кыргызстандагы балыкчылыктын туруктуу өнүгүүсү” боюнча БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун эл аралык долбоордун техникалык кеңешчиси жана эксперттери менен бирдикте Ош облусунун Өзгөн районундагы балык чарбасына барышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын максаты – ФАОнун техникалык долбоорун ишке ашыруу. Долбоордун алкагында “Өзгөн балык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын алдында балыктарды азыктандыруучу гранул түрүндө тоюттарды даярдоочу цехтерди куруу маселеси каралууда.

Мындан сырткары, Өзгөн балык чарбасына донордук жана гранттык каражаттарды тартуу максатында Ош облусундагы өкмөттүн өкүлү, Өзгөн районунун акими жана айыл башчылары, ишкерлер менен жолугушуу пландалган. Долбоордун бюджети 336 миң доллар жана ал 2 жылга эсептелген.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...