Акыркы макалалар

Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү долбоору иштелип чыкты

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин, бүгүн, 15-сентябрда өткөн кезектеги жыйынынын жүрүшүндө курамына Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Азербайжан кирген Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү Каржы эрежелеринин долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Кыргызстандын үлүшү Түрк маданияты жана мурасы фондун түзгөн жалпы каражаттын 0,5 пайызын түзүп, бул Фондду түзүүгө катышкан өлкөлөрдүн ичинде эң төмөнкү өлчөм болуп саналат. Ал жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен бекитилип турат. Бирок Фонддун 2015-жылга карата жалпы каражатынын көлөмү азырынча тактала элек.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитеттин мүчөлөрү Фонд каражатынын көлөмү такталып бүткүчө Түрк маданияты жана мурасы фондуна тийиштүү Каржы эрелери тууралуу Макулдашуунун долбоорун ратификациялабай койо туруу чечимине келди. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да мындай чечимди колдой турганын билдирди.

Белгилей кетсек, 2012-жылдын 23-августундагы Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда жалпы түрк элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында Түрк маданияты жана мурасы фондун түзүү келишимине кол коюлган. Анын Устав 2014-жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган.

Фонддун иш багыты менен негизги иш-милдеттери анын ушул Устав аркылуу аныкталат. Фонддун башкы кеңсеси Азербайжандын Бакы шаарында жайгашат. Ал эми Фонд жетекчисинин орун басарлары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюмуна мүчө өлкөлөрүндө туруктуу иш алпарат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...