Акыркы макалалар

Озон катмарын коргоо боюнча эл аралык күнүнө карата Кыргызстандын аймактарында республикалык акциялар өткөрүлөт

Эртең, 16-сентябрда Кыргызстанда озон катмарын коргоо боюнча «Озон катмарын коргоо: Миссия уланат» аталышындагы республикалык экологиялык акция башталат.

Акциянын уюштуруучулары: КРнын озондук борбору, Республикалык экология борбору, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы чөлкөм таануу жана туризм борбору, ошондой эле туруктуу өнүгүү боюнча аймактык экспертиза борбору.

Акциянын иш-чаралары У.Асаналиев атындагы тоо иштери жана тоо технологиялары институтунда, И.Раззаков атындагы политехникалык институтта, К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде жана Новопавловка айылындагы орто мектеп-гимназиясында өткөрүлөт.

Буга катар эле 19-сентябрда Жалал-Абаддагы №9 мектеп-гимназиясында, 22-сентябрда Нарын шаарында, 23-сентябрда Кемин районунда (Токмок шаарында) жана Талас шаарында өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы озон борборунун приоритеттүү тапшырмаларынын бири болуп, калкты озон катмарынын бузулушунун маселелери жана ультрафиолеттик чагылуудан сактанууну тааныштыруу эсептелет.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...