Акыркы макалалар

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы көптөн бери каралбай калган чоң бассейн оңдоп түзөөдөн өтүүдө

Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы көптөн бери каралбай калган чоң бассейн оңдоп түзөөдөн өтүүдө

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылындагы көп жылдардан бери иштебей, ичи кум, шагыл жана таштандыга толуп, эскилиги жеткен чоң бассейнди оңдоо, кайра калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анда, ал бассейнди калыбына келтирүүгө жергиликтүү бийликтин демилгеси зор болгон. Көп жылдардан бери иштебей пайдаланылбай калган бассейнди иштетүү максатында оңдоп-түздөө иштери ашар жолу менен аткарылып келет.

Ашарга райондогу баардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери иштешүүдө.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...