Акыркы макалалар

Бишкекте 950 долларлык телефон уурдоого шектүү кармалды

Борбор калаанын ШИИБнин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, 32 жаштагы О. Эльвира аттуу Бишкектин жашоочусу милицияга арыз менен кайрылган. Анткени №215 маршруттук таксиде белгисиз бирөөлөр сумкасынан баасы 950 АКШ доллар турган «Айфон 5» маркасындагы уюлдук телефонун уурдап алышкан.

Свердлов РИИБнин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш чарасынын жүрүшүндө бул уурулукка шектүү катары 29 жаштагы А. Ильяз аттуу борбордун жашоочусу кармалды. Учурда ага карата тергөө амалдары жүрүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...