Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө Түп айылдык аксакалдар соту 5 адамга тартип бузгандыгы үчүн айып пул салышты

Ысык-Көл облусундагы Түп районуна караштуу Түп айылдык аксакалдар соту тарабынан үстүбүздөгү жылдын 8 айында жарандардан 25, ал эми, Түп РИИБ тарабынан16 арыз келип түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Түп айыл өкмөтүнөн маалым болгондой, ал арыздар аксакалдар сотунун комиссия мүчөлөрү тарабынан каралып, тиешелүү чаралар көрүлдү.

Маалым болгондой, 3 арыз райондук сотко жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, 5 адамга тартип бузгандыгы үчүн административдик чара көрүлүп, айып пул салынган.

Белгилей кетсек, аксакалдар соту тарабынан үй-бүлөлүк жана жарандар ортосундагы өз ара келишпестиктер талдоого алынып, аларга карата чараларды көрүү менен эскертүүлөр берилип турат.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...