Акыркы макалалар

Кара-Суудагы Жийделик айылында орус тилин үйрөтүү борбору ачылат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жийделик айылында 16-сентябрь күнү потенциалдуу мигранттар жана калктын аярлуу катмарынын үй-бүлөлөрүндөгү балдар үчүн орус тили жана компьютердик сабатуулукка үйрөтүү борбору ачылат. Бул тууралуу «Адам укуктарын коргоо боюнча Эдвокаси борбор» бейөкмөт уюмдардын ассоциациясынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, тиричилик-коммуналдык чарба, чекене соода же тейлөө кызматтарында иштеп жаткан же иштөөнү пландап жаткан эмгек мигранттары Орусиянын мыйзамдарына ылайык орус тилин кеминде баштапкы деңгээлде билиши керек.

Маалым болгондой, борборду түзүүгө жергиликтүү калк жана айыл башкармалыктарынын өкүлдөрү катышышты.

Белгилей кетсек, окутуу борбору «Интербилим» эл аралык окутуу борборунун «Жалал-Абад жана Ош облустарынын 8 коомунда укук коргоо институттарын түзүү жана бекемдөө аркылуу мигранттардын үй-бүлөлөрүнүн өзүнө ишенимдүүлүгүн жогорулатуу» долбоорунун алкагында ачылууда.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...