Акыркы макалалар

Депутаттык «Ар-Намыс» фракциясы окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырууну сунуштайт

Депутаттык «Ар-Намыс» фракциясы окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдырууну сунуштайт, деп билдирди бүгүн, 12-сентябрда фракция жыйынында анын лидери Феликс Кулов.

Анын белгилешинче, бул демилге айрым депутаттар тарабынан да, коомдук уюмдар тарабынан да бир канча жолу көтөрүлгөн.

«Сентябрдын башталышы – бул түшүм жыйноо, кышка камылга көрүү. Ушул мезгилде оңдоп-түзөө боюнча үй жумуштары да күчөгөн маал болот. Жана көпчүлүк айыл жашоочуларынын айтымында, балдарынын жардамы ашыкча болбойт эле», - деди Ф.Кулов.

«Андан тышкары, жайкы эс алууну 15-сентябрга чейин узартуу биздин жарандарга, туристтерге Ысык-Көлгө балдары менен барып июль-август айларына караганда бир кыйла төмөн баада эс алуусуна шарт түзмөк», - деп кошумчалады.

Бир катар депуттар демилгеге каршы чыгышты.

«Бул демилгени ишке ашыруу үчүн кошумча каражаттар керек болот, анткени окуу программаларын, пландарды кайрадан түзүш керек. Биздин экономикалык абалда ашыкча чыгымдардын эмне кереги бар? Андан тышкары, КМШ өлкөлөрүнүн бардык окуучулары окуу жылын салттуу түрдө 1-сентябрда башташат, а биз болсо 15инде барыппы?», - деди Нурлан Төрөбеков.

«Бул жакшы ниеттеги демилге экенин түшүнөм, бирок бул маселеде мен каршымын - 1 -сентябрь бул Билим күнү», - деди депутат Анвар Артыков.

Ф.Кулов өзүнүн аргументтерин келтирди. «Совет мезгилин эстесеңер, бир дагы ЖОЖ 3-октябрдан эрте ишин баштаган эмес, анткени бардык студенттер ай ыл чарба жумуштарынан бошогон эмес», - деди ал.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...