Акыркы макалалар

Көчмөндөр оюндары: көк бөрү боюнча Түркия 6:2 эсебинде Өзбекстанды утуп алды

Көчмөндөр оюндары: көк бөрү боюнча Түркия 6:2 эсебинде Өзбекстанды утуп алды

14-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрү боюнча Түркиянын командасы 6:2 эсебинде Өзбекстандын командасын жеңип алды.

Алгачкы этапта түркиялык оюнчулар үстөмдүк кылуу менен арты артынан чабуул коюп, жыйынтыгында 3:0 эсебине ээ болгон.

Оюн түркиялык оюнчулардын артыкчылыгы менен улантылган.

Бүгүн дагы Кыргызстан менен Афганистандын курама командалары ойнойт. 9-14-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк бөрү боюнча мелдеште 8 команда катышат. Бардык курама командалар 4 команда боюнча “А” жана “Б” эки тобуна бөлүнгөн. Ар бир топтун жеңүүчүлөрү финалда беттешишет. Топто экинчи орунга жетишкен командалар 3-орун үчүн ат салышат.

Кыргызстан мелдешти уюштуруучу катары эки: Кыргызстан-1 жана Кыргызстан-2 команда кошту. Болжолдуу түрдө оюндар 10-14-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтөт. “А” тобунда: Кыргызстан-2, Афганистан, Өзбекстан, Түркия, ал мэи “Б” тобунда: Монголия, Кыргызстан-1, Алтай, Тажикстандын курама командалары бар.

Көк бөрү боюнча оюндун тартиби:

10-сентябрь

Өзбекстан – Түркия, Кыргызстан-2 – Афганистан, Монголия – Кыргызстан-1, Алтай – Тажикстан.

11-сентябрда

Кыргызстан-2 – Өзбекстан, Афганистан – Түркия, Монголия – Алтай, Кыргызстан-1 – Тажикстан.

12-сентябрь

Кыргызстан-2 – Түркия, Афганистан – Өзбекстан, Монголия – Тажикстан, Кыргызстан-1 – Алтай.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...