Акыркы макалалар

Кечээ бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий ачылышы өттү

Кечээ бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий ачылышы өттү

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда кечээ, 9-сентябрда бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун расмий ачылышы болду. Ага өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев катышты жана 17 мамлекеттен расмий өкүлдөр да саамалыкка күбө болду.

Тогузунан он төртүнө чейин өтө турган көчмөндөр оюндарында 400дөн ашык көчмөн элдин спортчулары байге талашат, 10 миңден ашык көрүүчү, 400гө жакын катышуучу.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун Кыргызстанда өткөрүүнү президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген жана ал бүткүл түрк дүйнөсү тарабынан колдоого алынган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну спорттук гана иш-чара эмес, байыркы элдердин тарыхын, маданиятын бекемдөөнү максат кылаарын айткан президент Алмазбек Атамбаев, дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачык деп жарыялады.

Көчмөндөр оюну түрк элдеринин башын бириктибестен, байыркы дүйнө калктарын бир аймакка чогултту. Муну белгилеген президент оюндун катышуучуларын жана келген конокторду ынтымакка чакырды.

Көчмөндөр оюну 14-сентябрга чейин уланат. Коомдук канал айрым оюндарды түз эфирде көрсөтөт, деп билдирет КТРК.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...