Акыркы макалалар

Сотторду тандоо кеңеши 3 жыл ичинде 335 сотту тандап, 100 орунду толтура алышкан эмес

2010-жылдагы окуялардан кийин сотторду тандоо кеңеши түзүлүп чоң жоопкерчиликти алышкан. Алар тиешелүү убакыт ичинде 435 сотту бекитип, соттук корпусту толугу менен аныктоолоору керек эле. Алардын мөөнөтү бүткөнүнө карабай 3 жылдын ичинде 335 сот тандалып, 100 орун бош турат. Бул тууралуу “Эл-Теги” коомдук кыймылынын өкүлү Осунбек Жамансариев билдирди.

Анын айтымында аталган абалдан улам сотто адистер жетишпей, сотко кошумча иштер көп болууда. Бул болсо соттордун сапатсыз иштөөсүнө таасир берет.

“3 жыл ичинде сотторду тандоо кеңеши 435 сотту аныктап, бардыгына тиешелүү иштерин тактап, көзөмөлдөп туруусу керек эле. Тилекке каршы канча убакыт аларга берилсе дагы толугу менен ишти аягына чыгара алышкан жок”,-дейт О.Жамансариев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...