Акыркы макалалар

Балаңызга жомок китеп окуп бердиңизби?

Балаңызга жомок китеп окуп бердиңизби?

Азыркы учурдагы балдар адабиятынын орду жөнүндө сөзгө өтүүдөн мурда жалпы эле кыргыз көркөм адабияты туурасында бир-эки ооз сөз айтып кетүүнү ылайык таптык. Коомдун өзгөрүшүнө ылайык кыргыз көркөм жазма адабияты шарттуу түрдө мурдагы (СССРдин курамына кирген мезгил) жана азыркы (эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки) мезгил болуп экиге бөлүнүп турат.

Талкаланган “Полиграфкомбинат”

Ырас, мурдагы заманда жыл сайын басмалардан кыргыз тилиндеги жүздөгөн китептер жарыкка чыгып, чыгармалардын сапаты туурасында гезит-журналдарда сын макалалар жарыяланып, адабий талкуулар өтүп, мамлекет авторлорго калем акысын берип турар эле.

Мындай көрүнүш авторлорго моралдык жана материалдык жактан эбегейсиз чоң шыктануу жараткан. Бул жеке эле жазуучу-акындарга эле эмес, дегеле чыгармачыл чөйрөдө эмгектенгендердин бардыгына таандык болуп, алардын аброю эл арасында бийик болучу.

Ошентип, ал заман урап, эгемен¬дүүлүккө ээ болгондон кийин чыгармачыл чөйрөдө эмгектенгендерге мамиле таптакыр өзгөрдү. Мамлекет чыгармачыл чөйрөнү каржылай албай, чыгармачыл интеллигенция туңгуюкка кептелди, алар менен эч ким эсептешпей калды, атүгүл алардын бары-жогу билинбеди. Китептер басылбай, кинолор тартылбай, музыка жазылбай, театрлар ээнсиреп, айтор, чыгармачылык менен алектенген инсандар күнүмдүк тиричиликтин көр оокатынан чыга албай калышты.

Бирок жеке басмаканалардан полиграфиялык жактан начар жасалгаланган бирин-экин китептер жарык көргөнү бар. Орто Азия чөлкөмүндө эң кубаттуу деп аталган “Кыргызполиграфкомбинаты” таланып-тонолуп, китеп чыгаруучу уникалдуу машиналары метал сыныктары катары сатылып кетти. Аны кой-ай деген киши болгон жок. Себеби, өлкөдөгү басмакана ишканаларын полиграфия, басма иштери боюнча эч бир түшүнүгү жок өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыгын көздөгөн бийликтегилердин кошоматчылары башкарып, ошолор түбүнө жетип салышкан. Ал эми майда-барат жеке басмаканалар полиграфиялык жасалгасы сапаттуу китеп чыгарууга али күчү жете элек болучу. Азыр деле көп боёктуу, конкурстарга, көргөзмөлөргө коюла турган мыкты жасалгалуу китептер көпчүлүк учурларда чет өлкөлөрдөн басылып келет.

Демек, мыкты жасалгалуу китептерди чыгаруу үчүн полиграфиялык жакшы ишканалардын болушу зарыл деген жыйынтыкка келсек жаңылыштык болбойт. Ал эми балдарга арналган чыгармаларды басып чыгаруу өтө жооп¬туу жана сыймыктуу иш экени белгилүү. Бул туурасында өкмөт тарабынан чыгармачыл чөйрө катышкан сейрек жыйындарда сөз козголуп, ал сөз ошол жыйын бүтөөр менен унутулат. Анан жооптуу кызматтардагы айрым бир адамдар жолугушууларда, теле көрсөтүүлөрдө учурдагы балдар адабиятынын абалына карата кейиштүү сөздөрүн айтып, балдарга арналган китептердин жоктугу кендирди кесип жаткандыгын белгилешет. Алардын мындай дооматтары чындык экендигинде шек жок, бирок “жок” деп оозду куу чөп менен аарчый бергенден эч нерсе өзгөрүп кетпеси белгилүү эмеспи. Балдар адабиятынын абалына сыртынан кейимиш болуп сүйлөгөн андай адамдар иш жүзүнө келгенде “менин үйүм четте, аны өкмөт чечиши керек” деп эки алаканын жайгандан бөлөк кыймыл жасабайт, же эл айтканды мен деле айтып калайын деген пикирде жүрүшү мүмкүн.

Окубасам да оюмду айтайын

Илгери, СССР мезгилинде Жазуучулар союзунда кайсы бир чыгармага талкуу болуп атканда бир топ кишилер сүйлөгөндөн соң аттуу-баштуу бир жазуучу ордунан туруп: “Окубасам да оюмду айтайын” дегени үчүн ушул кезге чейин улуу-кичүүлөргө сөз болуп жүргөнү эсибизде. Анын сыңарындай, республикабыздагы мыкты, атактуу деп аталган мектептердин биринин жетекчиси айрым бир адамдарды туурап, балдар үчүн китептер жок деп алып, балдардын китептерин өз көзү менен көргөндөн кийин өкмөт китепке акча бөлбөйт деп чынын айтууга аргасыз болду.

Бул макаланы жазууга дал ушул жагдай түрткү болду. Өлкөбүздөгү эң чоң китеп соода тармагын тейлеген “Раритет” фирмасынын алдында дүкөндүн атына уйкаш “Раритет” басмасы бир нече жылдан бери балдар үчүн адабияттарды чыгарып келатат. Басма адегенде улуу эпосубуз “Манас” баш болгон “Манас – кыргыз элинин улуу каны”, “Манастын бала чагы” “Эр Төштүк”, “Кожожаш”, “Олжобай менен Кишимжан” сыяктуу кичи эпостордун тексттерин кичинекей бөбөктөргө ылайыктап, көп түстүү сүрөттөрү менен полиграфиялык мыкты жасалгада кыргыз жана орус тилдеринде жарыкка чыгарган. Ага удаа эле “Кыргыздын кереметтүү жомоктору”, “Алдар көсөөнүн жоруктары”, “Апенди жөнүндөгү жомоктор”, “Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор”, “Сыйкыр таш” жана доорубуздун залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун “Легендалары” да кыргыз жана орус тилдеринде өтө кооз сүрөттөр менен шөкөттөлүп, балдарга ылайык¬ талып жарык көргөн. Булардын бардыгынын ар бири 3000 даана нускада чет мамлекеттердин бириндеги мыкты полиграфиялык ишканасында басылган. Аталган китептердин көркөмдүк жана полиграфиялык жасалгалары эл аралык конкурстарда алдыңкы орундарды алууга татыктуу болгон. Ал китептер “Раритет” дүкөндөрүнүн текчелеринде кыргыз жана орус тилдеринде китеп ааламындагы сыймыктуу тактыда өз ордун таап тургандыгы миңдеген окурмандарды кубандырбай койбойт.

Ушул жерден статистикалык бир мисалды келтирүүгө аргасыз болдук: жогоруда аталган китептер кыргыз жана орус тилдеринде бирдей нускада жарык көрсө да орусча китептер азыраак калып, кыргызчалары али арбын турганына күбө болдук. Биз бул келтирилген мисал менен кыргыздар китеп окубайт экен деген бүтүмдөн алыспыз, болгон кемчилигибиз китеп дүкөндөрүнө азыраак баш багабыз же таптакыр эле кирбейбиз. Анан өзүбүздүн ушундай мүчүлүштүгүбүздү билбей туруп, балдар үчүн таптакыр китептер жок, өкмөт балдар басылмаларына көңүл бурбай койду деп жоопкерчиликтен өзүбүздү оолак кармап, бирөөлөрдү күнөөлөгөн адатка көнүп алганбыз.

Ырас, балдар китептери жетишсиз, аз, бирок таптакыр эле жок десек анда жаныбызды жеген болобуз. Айрым бир эл аралык гранттар, же фирмалар, демөөрчүлөр жана авторлордун жеке каражаттары менен балдарга арналган аздыр-көптүр китептер жарыкка чыгып жатканына күбөбүз. Алардын баалары ар кандай: кымбаттары бар, арзандары да аз эмес, сапаттары да ошондой. Биз көбүбүз Союздун убагындагы китептердин баасын унута албай койдук, ал кезде кагаз, полиграфиялык кызматтар, китепке кеткен каражаттар өтө арзан болучу, мамлекет өз идеологиясы үчүн дотация аяган эмес, борбордоштурулган китеп соода тармактары иштөөчү.

Эгер китеп кунарсыз жасалса...

Баарыбызга белгилүү болгондой өзүбүздө кагаз өндү¬рүлбөйт, полиграфиялык заманбап техникалар жокко эсе, көпчүлүк акциясы мамлекеттики болгон “Учкун” акционердик коомунун полиграфиялык техникалары илгерки СССРден калган эски шаймандар. Ал эми чыгарма канчалык мыкты болгон менен китептин жасалгасы кунарсыз болсо, ал көрүнүш чыгарманын сапатына тес¬кери таасир тийгизбей койбойт.

Китеп чыгаруунун айныгыс мада¬нияты болот, ошон үчүн дүй¬нөнүн көптөгөн мамлекеттеринде эл аралык китеп ярмаркалары, көргөзмөлөр, конкурстар уюштурулганда ал дүйнөлүк маанидеги чоң жаңылык катары бааланат. Андай иш-чаралардан кийин китеп басып чыгаруунун көптөгөн жаңы заманбап технологиялары ишке кирип, кеңири жайылат. Өзүбүздө мындай шарттар болбогондон кийин биз колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланууга аргасыз болобуз. Андыктан, балдар адабиятын өнүктүрүү үчүн балдарга арналган китептерди калк арасына таратуу маселеси турат. Анын бирден бир ишенимдүү, ыңгайлуу жолу илгертен бери салт болуп калган китепканалардын фондусун кеңитүү. Бизге жеткен маалымат боюнча өлкөбүздө чоң-кичине болуп эки миңден ашуун китепканалар бар экен, бирок алардын дээрлик көбүндө илгерки, СССР курамында жарык көргөн аз китептер гана калган, жаңы басылмалар жокко эсе. Китепканачылар Маданият министрлиги тараптан каражат бөлүнбөгөнүн айтышат, алар өз кезегинде Ак үй тарапты көргөзүшөт, ошентип, жылдан жыл өтүп, маселе эч чечилбей келет. Андай болсо, мынча китепканалардын бардыгын жылаңач отчёт үчүн кармап туруунун канчалык кажети бар эле? Балким бирөөлөр үчүн мындай цифра керек болуп тургандыр же белгилүү өлчөмдөгү каражаттарды эсептен чыгарып салуу үчүн пайдасы тийип жүрбөсүн? Эмнеси болсо да китептери жок китепканалардын саны көп.

Белекке китеп берсек болбойбу?

Кыргыздар: “Кудайдын кулагы сүйүнсүн” деп айткандай азыр эл арасында “жентек той, бешик той, тушоо кесүү” сыяктуу наристелерге арналган иш-чаралар байма бай өтүүдө. Булардын ичинен тушоо кесүү өтө популярдуу болуп, нарис¬тенин тушоосун кесүү үчүн жарышка түшкөндөргө, жарышпагандарга да, дегеле тойго катышкандардын бардыгына белек берүү салтка айланып калды. Ал эми берилген белектердин дээрлик бардыгы тиричиликке пайдаланууга ылайыгы жок кытайдын сапатсыз арзан баалуу ар кандай майда-чүйдөлөрү болуп саналат. Булар эстетикалык табиттен алыс, тарбиялык мааниси жок, кала берсе көзгө да комсоо көрүнөт. Андыктан, балдардын тоюнда белекке, байгеге китептерди тартуу этүү эң ылайыктуу, бардык мезгилге төп келген, тарбиялык мааниси зор иш-чара болуп эсептелерине шек жок.

Бул саамалык мекендештерибиз тарабынан колдоого алынып, ал бара-бара салтка айланарына ишенич чоң. Келечектин ээлерин тарбиялоодо балдардын аруу, таза жан дүйнөсүнө жаш курагынан баштап эли-жерин сүйүүгө, өз элинин тарыхын үйрөнүүгө, илим-билимге умтулууга, мекендин жүгүн аркалоого жол көрсөткөн китептен өткөн тарбиячы болбосо керек. Бул маселеде балдарга арналган китептердин арасынан кыргыз фольклорунун мааниси өзгөчө ыйык орунда турат. Андыктан, биздин жарандар китеп дүкөндөрүнө көбүрөөк баш багып, жеке эле балдардын тоюнда гана эмес, бардык эле жакшы жышаандарга карата китептерди белекке берүүнү салт катары күндөлүк жашоо-тиричилигинде өнөкөткө айландырса, элибиздин маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнүн мыкты көрүнүшү катары бааланып, көптөгөн мамлекеттерге үлгү болор элек. Мындай саамалык биздин жарандардын колунан келчү иш.

Жылкычы ЖАПИЕВ, жазуучу, Эсентур КЫЛЫЧЕВ, акын, публицист

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...