Акыркы макалалар

Чимгендик аялдар жер иштетишет

Чимгендик аялдар жер иштетишет

Кыргызстандын эң алыскы аймагы болгон Лейлек районунун Чимген айылында жакырчылык менен күрөшүүдө жакшы иштер болуп жаткандыгын айтуу жагымдуу. Айылдагы эч жерде иштебеген аялдар биригишип, 2010-жылы Чимген айылдык фондун түзүшкөн. Фонддун лидери – Мубарак Кадырова. Башында фонддо он сегиз эле аял болсо, азыркы күндө алардын саны элүү сегизге жетти.

Аталган фонд Борбордук Азия¬дагы миграция боюнча ре-гионалдык программанын долбоору аркылуу иш жүргүзүп келишет. Алардын каржылоосу менен ишсиз отурган аялдар бир топ алгылыктуу иштерди жасап, жакырчылыктан чыгууда. Алсак, долбоордун негизинде аларга голландия помидору менен баклажандын уругу берилген.

Фонд уюшулган 2010-жылы уруктун бир кутусу 270 сомдон болсо, 2012-жылы бадыраңдыкы 500 сом, ал эми баклажандыкы 900 сом болду. Аялдар аларды жерге сээп, багып өстүрүп, сатып, өздө¬рүнө – фонддун ортосуна акча жасашат. Ар бири урукту өздөрүнүн огородуна эгишет. Айта кетчү нерсе, Чимген айылында ар бир кожолуктун 0,2- 0,3 га.дан гана жер үлүшү бар. Мына ушул жерден алынган түшүмдөрүн сатышып, 2011-жылы ортого 20400 сом чогултушса, 2012-жылы фонддун акчасын жүз миң сомго жеткиришти. Бардыгы бириккенде помидордон эле бир тонна түшүм алышат. Муну сатып, фондго акча топтошот жана өз тиричиликтерине жумшашат.

Долбоор урукту гана таратпастан, окууларды да өткөрөт. Парник менен иштөөнү, бактарды кыйыш-

тырууну, үрөн тандоону жана тү¬шүмдүүлүктү кантип жогорулатууну үйрөтөт. Ошондой эле иш кагаздары менен иштөөнү да жолго коюп, аялдар бул жагынан да билимге ээ болушууда.

Айылда 420 орундуу бир мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, клуб бар. Айыл өкмөтү клубдун жарымысында отурат. Ал эми аптека жок.

Чимген айылдык фондунун иши колдоого арзырлык. Элет жериндегилер үчүн мындай долбоор биринчиден, жакырчылыкка каршы күрөш болсо, экинчиден, ишсиз отурган аялдар жумуш менен камсыз болушат. Айылдагы ишсиз аялдардын жаш өзгөчөлүктөрү да ар кандай. Фонддогулар жаш балалуу келиндерден тартып пенсия жашына чейинкилер. Айылдын ичинде аларга эч ким жардам бербейт. Өз күчтөрү менен гана иштешет.

Баарынан да Лейлектин жери таштак, жамгыр жааса сел көп жүрөт. Ошого карабай алар чымыркануу менен аракет кылышып, жакырчылыкты жоюуга күчтөрүн үрөп келишет.

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Сүрөттөр автордуку

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...