Акыркы макалалар

Нарын шаарынын мэри болуп Рахат Адиев шайланды

Нарына шаарынын мэри болуп Рахат Адиев шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 8- сентябрда "ВБ"га БШКдан билдиришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бүгүн шайлоодо шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен Адиевдин талапкерлигин жактырышкан.

"Шаар башчысы үчүн 5 талапкер ат салышты. "Ата Мекен" фракциясынан Автандил Молдосалиев, "Мекен ынтымагы" партиясынан Нурлан Максуталиев, "Замандаш-Современник" партиясынан Марат Исмайилов жана "Республика" партиясынан Нурбек Молдокадыров. Жыйынтыгында "Акшумкар" партиясынан Рахат Адиев жеңип чыкты", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Нарындын экс-мэри Баатырбек Жээналиев өз каалоосу менен ээлеген кызматын өткөрүп берген. Аны арызына 5- августта премьер-министр кол койгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...