Акыркы макалалар

Бүгүн 147 жаран ажылык сапарга аттанат

Бишкек шаарынан бүгүн, 8-сентябрда 147 жаран Меккеге ажылык сапарга аттанат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, алгачкы каттам менен борбор шаардын жана Нарын облусунун зыяратчылары жөнөп жатышат.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-сентябрда 2014-Ажылык штабы менен жыйын өткөрүп, ажылардын Мадина жана Мекке шаарларындагы мейманканаларга жайгаштыруу жактарын, тартип маселелеринде ажы башчылар кененирээк түшүндүрмөлөрдү берип, жоопкерчиликтүү болушу керектиги эскертилген. "Иш-чарада негизинен ажылык сапарга аттанган жарандарга ажылардын ибадаттарын толук кемчиликсиз аткарып келүүсү үчүн аларга диндин негиздеринен ажы башчылар тез-тез айтып, эскертип туруулары талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, экинчи каттам Ош шаарынан 9-сентябрь күнү жөнөйт, анда Баткен облусунун 174 жараны учушмакчы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...