Акыркы макалалар

Депутат: "Курманжан Датка" – идеологиялык мааниге ээ көркөм тасма

"Курманжан Датка" – идеологиялык мааниге ээ көркөм тасма". Мындай пикирин бүгүн, 4-сентябрда "Республика" фракциясынан депутат Роза Акназарова билдирди.

Депутат 31-августта "Манас" кинотеатрында көрсөтүлө баштаган бул көркөм тасма ынтымакка үндөгөн, идеологиялык мааниси бар көркөм тасма болгондугуна токтолду. Ошону менен катар тасманы тартууга жумшалуучу каражаттын бюджеттен бөлдүрүүгө Жылдызкан Жолдошова баштаган депутаттардын салымы бар экенин кошумчалады.

Мындан сырткары, фильм тартуу жаатына токтолгон Акназарова азыркы таптагы балдардын аң-сезимине терс таасирин тийгизүүчү мультфильмдер көрсөтүлүп жаткандыгын, анын ордуна улуттук баатырларды чагылдыруунун алкагында мультфильмдер тартылса деген тилегин угармандар менен бөлүштү.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...