Акыркы макалалар

Чүй облусунун жашоочулары көмүрдүн ордуна тезектерди кышка белендеп жатышат

Чүй облусунун жашоочулары көмүрдүн ордуна көң, тезектерди кышка белендеп жатышат. Бул тууралуу КирТАГга Чүй облусунун Кемин районунун жашоочусу бейшемби күнү билдирди.

«Үстүбүздөгү жылда биз көмүрдүн ордуна кышка тезек менен камданууга чечтик», - деп жергиликтүү туруучу Талант Акматов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү жашоочулар ошондой эле түшүмдү жыйнагандан кийин көмүр менен камданып алмакчы болушту.

«Бирок көмүрдү азыр кымбат баада сатылып жаткандыгынан, 2-3 тоннасын сатып алууга пландаштырып жатам, ошентсем да көмүрдүн зарылчыгы менин үй-жайыма 5-6 тоннаны түзөт»,- деп ал билдирди.

Аны Асан Амантуров колдоду, ал үйүн жылытууга 20дан ашык жылдан бери электр менен колдонуп келет экендигин белгилеп кетти.

«Албетте, көмүрдү дагы сатып алчубуз, ансыз кантип болсун, бирок негизинен үйдү жылытууга электр менен колдончубуз», - деп ал кошумчалап кетти.

Акыркы жолу, 2009-2010 жылдары үч фазалуу киргизүүлөрдү өчүрүшкөндө, элдин катуу ачуусу келген эле, бирок алар 2010 жылдагы апрелдик революциясынан кийин, анда революциянын себеби өлкөдөгү энергетикалык каатчылыгы болуп чыккан, өкмөт кайрадан электрге тарифтерин жогортот экенин жана өч фазалуу киргизүү абоненттерин өчүрүп салаарын күткөн эмес эле, деп жергиликтүү туруучулар белгилеп кетишти.

«Биздин ачуубуз келгенибизге чеги жок, биз кайсы кылымда жашап жатабыз? Өнүккөндүн ордуна бизди тезектерди жыйнатып жатышат, биз айылда жашасак да, мындай күйүүчү отун жөнүндө унтуп деле калган болчубуз», - деп жергиликтүү туруучулар кыжыры кайнап айтышты.

Үстүбүздөгү жылда Чүй облусунун жашоочулары малчыларга барышып, тонналап тезектер менен камданып жатышат, деп алар билдирип кетишти.

«Бизге чейин ата-бабаларыбыз көмүрсүз жана электр жарыксыз жашап келген турмушун, биз да кайрадан жашамай болдук»,- деп алар жыйынтыкташты.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...