Акыркы макалалар

Депутат А.Кутушев: «Биз ушул кезге чейин же сууну же шамалды сарамжалдуу пайдалана албай келебиз»

Депутат А.Кутушев: «Биз ушул кезге чейин же сууну же шамалды сарамжалдуу пайдалана албай келебиз»

Өкмөттүн шалаакылыгынан улам, Кыргызстан өзүнүн энергетикалык мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана албай жатат. Адистердин айтымында, өлкө аймагындагы чакан дарыялардын жалпы энергетикалык кубаты 500 мегаваттка жетет. Бул азыр пайдаланылып жаткан ГЭСтердин кубатынан алдаганча көптүк кылат. Муну эстен чыгарбашыбыз керек. Бул тууралуу депутат Абдыманап Кутушев Жогорку Кеңеш жыйынынын «Ар түрдүү маселелер» бөлүгүнүн жүрүшүндө билдирди.

«Мисалы, Чоң-Кемин дарыясында 4 чакан ГЭС каскадын куруу долбоору иштелип чыккан. Европа өнүктүрүү банкы бул багытта 30 млн евро көлөмүндө каражат бөлүп берүүгө даяр. Бирок, биздин өкмөт жетекчилигинин ага анчалык кызыкдар болбой жатканын айтылууда. Эгергетикалык каатчылык маалында чакан ГЭСтердин чечүүчү мааниге ээ болорун эл тажырыйбада эбак эле далилденген. Биз ушул кезге чейин же сууну же шамалды сарамжалдуу пайдалана албай келебиз», - дейт А.Кутушев.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...