Акыркы макалалар

Украинадагы орус фотокабарчысынын өлүмү тастыкталды

Август айынын башында Украинада дайынсыз жоголгон "РИА Новости" агенттигинин фотокабарчысы Андрей Стенин каза тапканы расмий тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын Тергөө комитетинин экспертиза жыйынтыгына таянып агенттиктин жетекчиси Дмитрий Киселев билдирди. Анын айтымында, Стениндин сөөгү орусиячыл жикчилер көзөмөлдөп турган Донецк облусунда табылган. Мурдараак Стенинди украин коопсуздук күчтөрү барымтада кармап турат деген кабар тараган болчу. Бирок ал отуруп бараткан машина Донецкте аткыланып, күйүп кеткени аныкталды.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...