Акыркы макалалар

Жапонияда денге тумоосу жайылууда

Жапония жаңы денге тумоосу менен күрөшө баштады. NTD телеканалы 1945-жылы өлкөдө катталган денге тумоосу кайрадан башталганын кабарлоодо.

Маалыматка ылайык, азыркыга чейин 34 оорулуу катталган. Жапон өкмөтү жугуштуу тумоонун очогон басууга болгон аракеттерин көрүүдө. Ооругандардын баардыгы Токионун бир эле паркына барышкан. Негизинен бул тумоо чиркейлерден жугат. Жапониянын саламаттыкты сактоо министри элди ызы-чууга түшпөөгө чакырып, бул эбола сыяктуу өлүм алып келе турган оору эместигин билдирди. Токионун паркынын бардык жерлерине чиркейлерге тузактар коюлду. Анын жардамы менен вирусту алып жүргөн чиркейлерди жок кылуу иштери жүргүзүлөт. Түнү жарыктарды коюп, вирустун очогон аныктоо үчүн бардык иш-чаралар жүрүүдө. Адегенде 3 киши ооругандан башталган чиркейлерге каршы күрөш жыйынтык бере элек, тескеринче, ыкчам жайылууда. Денге тумоосу дүйнөдө эң тез жайылган жана ушуга чейин дүйнөдө 350 миллионго жакын адам курман болгон. Жапонияда болсо экинчи дүйнөлүк согуштан бери каттала элек болчу.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...