Акыркы макалалар

Барскоон айылындагы тоок фермасынан күнүнө 1,5 миң жумуртка алынып, жергиликтүү тургундарга арзан баада сатылууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы жаӊыдан уюштурулган тоок фермасы алгачкы продукциясын берип баштады. Бул тууралуу Барскоон айыл өкмөтүнөн маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Барскоон айылында уюштурулган тоок фермасында 2000 тоок бар. Учурда ал тооктордон 1500дөн жумуртка алынууда. Тооктор жабык жайда багылат. Атайын Токмок шаарынан даярдалган жем алынып келинет. Күнүнө 2000 тоок 264 киллограммдан жем жешет. Жумурткалар азырынча жергиликтүү тургундарга арзан баада сатылууда.

«Тоок ферма айыл өкмөтүнүн мурдагы эски кампасында уюштурулган. Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 2 миллион сомго оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү жабдуулар алынган. Тоок ферманын толук кандуу иштегенине аз болсо дагы анын ишиндеги натыйжалар көрүнүп калды», - дешет айыл өкмөт жетекчилиги

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...