Акыркы макалалар

Депутат түзүлгөн депутаттык комиссиялардын маалыматын угууну сунуштады

Бүгүн, 3-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков түзүлгөн депутаттык комиссиялардын маалыматын угууну сунуштады.

Анын айтымында, бул парламент ишке киришкенден бери бир топ маселе боюнча депутаттык комиссиялар түзүлгөн. Бирок алардын ишинин жыйынтыгы тууралуу жетиштүү деңгээлде маалымат берилбей келет.

"Эч кандай жыйынтык чыкпагандан кийин ошол депутаттык комиссияларды эмнеге түздүк? Сентябрдын ортосуна чейин алардын маалыматын угалы. Айдан айга көтөрүп жүрө бербей",- деди депутат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...