Акыркы макалалар

Б. Мамырова: “Илимий даражага ээ болгусу келгендер кызматтарын өткөрүп, илимди терең изилдеп, анан жакташы керек”

Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасы Абдырахман Мавлянов 2020-жылга чейин илимдин кандидаты, илимдин доктору деген илимий даражаны калтыруу менен бирге жаңы кирип жаткан эл аралык PHD системасын дагы өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору Өкмөткө сунушталгандыгын ортого салды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мында аспирантураны гана калтыруу, ал эми илимдин кандидаттыгына изденүүчү болууну алып салуу сунуш катары киргизилгендигин билдирди. Мындан ары медициналык, ветеринардык жана юридикалык багыттар боюнча илимий даражага ээ болууну каалоочулардын баштапкы жогорку билими дагы ошол багыттарда гана болушу керектигин кошумчалады.

Жыйындын жүрүшүндө акыркы убактарда корголуп жаткан кандидаттык иштер менен докторлук иштердин сапатынын начардыгы, кандидаттык менен докторлук даражаны жактоонун көргөзүлгөн мөөнөтү сакталбаган учурлар, айрым кызмат адамдары ошол кызмат орундарында иштеген маалда илимий даражага ээ болуу үчүн эмгек жазып, жактоого кандайча үлгүрүп жаткандыктары сынга алынды.

Вице-спикер Бөдөш Мамырова илимий даражага ээ болгусу келгендер ээлеген кызматтарын өткөрүп, илимди терең изилдеп, анан жакташы керек деген пикирин ортого салды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...