Акыркы макалалар

Жогорку Кеңештин имаратына кирүү электрондук өткөрмөлөр аркылуу гана жүргүзүлөт

Жогорку Кеңеште адам ресурстарын башкаруунун заманбап системинин алкагында парламент имаратына жаңы өткөрүү системи киргизилген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңешти 2016-жылга чейин өнүктүрүү долбооруна ылайык, парламенттин аппараты менен иш башкармалыгынын кызматкерлеринин эмгек тартибин бекемдөө, коопсуздукту жана депутаттардын, кызматкерлердин, Жогорку Кеңешке келгендердин иштөө шартын камсыз кылуу максатында "Электрондук турникет" (Башкаруу жетимдүүлүгүнүн көзөмөл системи) долбоору иштелип чыккан. Буга байланыштуу мындан ары Жогорку Кеңештин имаратына кирүү электрондук өткөрмөлөр аркылуу гана жүргүзүлмөкчү.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...