Акыркы макалалар

Быйылкы жылдын он айынын ичинде Карасуу районунда жол транспорт кырсыгы кескин түрдө өстү

Быйылкы жылдын он айынын ичинде Карасуу районунда жол транспорт кырсыгы кескин түрдө өстү

Карасуу районунда ушул жылдын он айында 229 жол кырсыгы катталып, анын натыйжасында 55 адам каза болуп, 447 си түрдүү жараттарды алышкан. Бул жол кырсыктарынын ичинен жаш балдардын катышуусунда 57 кырсык катталып, 9у каза болуп, 67 си ар кандай жараат алган.

Бул туурасында Карасуу РИИБнүн жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмчөсүнүн үгүт насаат инспектору Улан Ташиев билдирди.

Анын айтуусунда, жол кырсыгын, айрыкча жаш балдардын катышуусундагы кырсыктардын алдын-алуу максатында байма-бай түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Карасуу РИИБ нүн ЖККнын “Жөө жүргүнчү”, “Тонировка”, “Өз алдынча мамлекеттик номерин чечүү” аттуу рейдери Карасуу районунун аймагында өткөрүлдү.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...