Акыркы макалалар

Оштун мэри А.Кадырбаев 1-сентябрда Алтыбаев атындагы мектептин 1-классынын окуучуларына интерактивдүү доска белек кылды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 1-сентябрь билим күнүндө генерал-майор Алтыбаев атындагы №14 мектепке барып, баардыгын жаңы окуу жылынын башталашы менен куттуктады, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Шаардын мэри А.Кадырбаевдин айтымында, билим күнү баардыгы үчүн абдан маанилүү, билимдин жардамы менен ар бир адам жашоодо ийгиликтерге жетише алат.

«Биздин иштин негизги багыттарынын бири жаш муунга татыктуу билим берүү менен камсыз кылуу», - деди мэр А.Кадырбаев.

Мындан тышкары, мэр мектептин биринчи класстын окуучулары үчүн интерактивдик доска тапшырып, мектепте өзгөчө биринчи жылдары сапаттуу билим алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ош шаарынын мэриясынын резервдик фондунан 92 миң сом бөлүнгөн. Ошондой эле, окуучулардын күчү менен майрамдык салтанат уюштурулду.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...