Акыркы макалалар

Ноокат районунун Кеңеш айылында жаңы ачылган мектеп окуу жылына карата 420 окуучуну кабыл алат

Ноокат районунун Кеңеш айылында жаңы ачылган мектеп окуу жылына карата 420 окуучуну кабыл алат

Жаңы ачылып жаткан Кеңеш орто мектеби жаңы окуу жылына 420 окуучуну кабыл алат, деп билдирди Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев бүгүн, 30-августта жаңы мектептин ачылуу аземинде.

Анын маалыматына караганда окуучулар Герейт-Шорон, Өрнөк жана У.Салиева орто мектептерине барып окуп жүргөн Кеңеш айылынын окуучулары тартылууда.

«Ноокат районунда республика боюнча эң көп билим берүү мекемелери курулуп жатат. Акыркы эки жылда 7 мектептин пайдаланууга берилишине ЖКнын вице-спикери Т.Зулпукаровдун салымы чоң», - деп билдирди М.Маматалиев.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү быйылкы окуу жылында облуста бардык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы орунду камсыз кылды.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...