Акыркы макалалар

Мугалимдер хиджаб кийген окуучулар көбөйүп кеткендиктен, бирдиктүү форманы тезинен киргизүүнү өтүнүшүүдө

Ысык-Көл районунун мугалимдери хиджаб кийген окуучулардын саны өткөн жылга караганда 5-6 эсе көбөйүп кеткенине кабатыр болуу менен, мектептерге окуучулардын бирдиктүү формасын тезинен киргизүү өтүнүчүн айтууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин Чолпон-Ата шаарында аймактын педагогикалык жамаат өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү учурунда белгилүү болгон.

Ысык-көлдүк мугалимдер ошондой эле, окуу китептери менен окутуу программаларынын ортосунда чоң ажырым болуп жатканына да нааразы.

К.Осмоналиевдин айтымында, Ысык-Көл районунун мугалимдери математика, физика сыяктуу бир катар сабактардын сааты кыскарып кеткендиктен, окуу китептери окутуу программасына шайкеш келбей калганын да белгилешкен. «Андан сырткары, Жалпы республикалык тестирлөө өзүн актабай калгандыктан, тезинен Бирдиктүү мамлекеттик сынак усулуна өтүү зарылдыгын айтышты. Мен мындай пикирге кошулам, ошондон улам бул маселени тездетүү чараларына колкабыш кылууга сөз бердим», - деди депутат К.Осмоналиев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...