Акыркы макалалар

Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдеринин сөздүгүнүн" экинчи варианты жарык көрдү


Жакында эле, Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдеринин сөздүгү" аттуу эмгегинин кыргызча котормосунун экинчи варианты жарык көргөн. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдеринин сөздүгү" деген эмгеги жалпы түрк тилдүү элдеринин маданий, илимий мурасы болуп саналат.

"Башка элдер бул эмгекти Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда, Кытайда, Азербайжанда отуз жыл мурда которушкан. Качкынбай Артыкбаев өзүнүн эмгектеринде Жусуп Баласагындын, Махмуд Кашгаринин мурастары кыргыздарга да тиешелүү деп айтып келген. Жусуп Баласагындын "Кут алчуу билими" эмгеги Төлөгөн Козубековдун көркөм котормосунда гана жарык көргөн. Ал эми Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдеринин сөздүгүндөгү" легендалар, уламыштар, ырлар, айрым бир үзүндүлөрү Качкынбай Артыкбаев, Жээналы Шериев агайлар аркылуу которулуп, жарыяланган. "Мен 2010-жылы Алматыга барганда Муктар Ауэзов атындагы адабият жана искусство институтунун директору, академик Сейит Каскабасов мага казак тилинде басылып чыккан Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдеринин сөздүгүн", Жусуп Баласагындын "Кут алчуу билимин" көрсөтүп, бизде бул мурастардын кыргыз тилине илимий басылышта которулгандыгы жөнүндө суроо салды. Мен "жок" дедим. Анан жолду катар ойлонуп келдим, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын деген университеттерибиз бар, койгон эстеликтерибиз турат. Анан Жусуп Баласагын Токмокто, Махмуд Кашгарини Тоңдо туулду дейбиз, а эмне үчүн көркөм чыгармалары илимий жагынан бизге жетпейт деген ойдо түйшүктөнүп келдим. Жамаатты жыйнап, "Түрк тилдеринин сөздүгүнүн" илимий басылышын демилге кылдым. Демилгенин аркасында эки варианты даярдалды. 1-варианты 2011-12-жылдарда Таалай Токоев, Кошмоков Кубат үч томдугун чыгарышты. Ал негизинен коомчулукка жетти. Быйыл болсо илимий басылыштагы варианты Т. Акматов, И. Абдувалиев, М. Толубаев, С. Султаналиевдин котормосундагы эки тому жарык көрдү. Ошондой эле Махмуд Кашгаринин "Түрк тилдеринин сөздүгү" дастандар, ырлар, легендалар өзүнчө китеп болуп чыкты. Бул биздин академиянын илимий, адабий жүзү катары бааласа болот", –деди академик Акматалиев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...