Акыркы макалалар

Ырчы жана актриса Асема Токтобекованын "Көк жал" тасмасы биринчилерден болуп журналисттерге көрсөтүлдү

Ырчы жана актриса Асема Токтобекованын "Көк жал" тасмасы биринчилерден болуп журналисттерге көрсөтүлдү

28-августта Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде, кыргыз эстрадасынын ырчысы жана актриса Асема Токтобекованын "Көк жал"тасмасы биринчилерден болуп журналисттерге көрсөтүлдү.

Ал "Боз салкын", "Уурунун махабаты" тасмаларында башкы ролдорду жаратуу менен бирге коомчулука таанымал. Аталган криминалдык драмага Асема Токтобекова режиссёрлук кылган. Бул анын биринчи тасмаларынын бири эсептелинет.

Криминалдык драмада Асема Токтобекова, Азат Кусеинов, Муслум Демиржан башкы каармандардын образын жаратышкан. Кеңири аудитория үчүн багытталган тасма адам баласынын жашоо турмушунда ак менен караны айырмалап билүү үчүн тартылган. Анда, Бишкек, Баткен, Ысык-Көлдө жана ошондой эле Тажикстандын айрым жерлеринде тартылган.

"Бул менин биринчи тасмам. Ал тасма тууралуу жакшы ой-пикирлер жана сындар айтылды. Негизи мен өзүм сынды жакшы көрөм. Анткени, ал кемчиликтерди толуктап , алардын үстүнөн туура иштөөгө багыт берет. Ошондой эле ал кемчиликтерди кайра кайталабаганга шарт түзөт. Криминалдык драма жакынкы аралыкта калың журттун сынына коюлат", – деди өз сөзүндө Асема Токтобекова.

Белгилей кетсек, 18- сентябрда "Көк жал" криминалдык драманын бет ачары күтүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...