Акыркы макалалар

Жихаттын үгүттөөчүлөрү 5000 доллар маянаны убада кылып иш издегендерди алдоо менен алып кетүүдө

Кыргызстандын жарандары 5000 доллар маяна убада берген адамдарга алданып Сириядагы согуштун курмандыктары болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында “Коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү” коомдук бирикмесинин координатору Нурлан Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, айрым жарандар иш издеп чет өлкөгө кетүүдө. Билимдүү, маалыматка ээ болгон жарандар реалдуу фирмаларда иштешсе, шашылыш түрдө кеткен айрым замандаштар жарнамалардагы заты жок компанияларга барып ошол жерден чыга албай калууда.

Орто Азия өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун маалымдагандай, Түркияда “Real knowledge” аталышындагы аты бар, бирок заты жок алдамчы компания бар. Алар ар кандай жарнамалар аркылуу иш издегендерди өздөрүнө тартат.

“Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн барган айрым адамдар ушул сыяктуу компанияларга алданып калууда. Бул компаниялар ишчилерди кулчулукка тартуу менен бирге айрымдарын Сириядагы согушка жөнөтүүгө көмөкчү болууда”,-дейт Т.Акун.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...