Акыркы макалалар

Айтматов дүйнөсүнө таазим

Айтматов дүйнөсүнө таазим

Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жетектеген парламент делегациясы 22-23-ноябрда Санкт-Петербургда өтүп жаткан КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын, ЕврАзЭБнин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын иш-чараларына, ошон-дой эле “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” аттуу эл аралык конференцияга катышууда.

Замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган конференцияны өткөрүү демилгесин Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев көтөргөн эле.

Конференциянын иши “Чыңгыз Айтматовдун жергеси” аттуу фото- көргөзмөсүн жана “Ч.Т.Айтматов Орусия Улуттук китепканасынын фондунда” аттуу китеп көргөзмөсүн ачуу менен башталды. Ошондой эле, “Белые сны по доро- ге домой” деген даректүү фильмден үзүндүлөр көрсөтүлдү.

Конференциянын алкагында Ч.Айт-матовдун коло айкелин ачуу аземи болду. “Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы менен диалогу” эл аралык конференциясынын катышуучулары жыйынтык резолюциясын кабыл алышты. Анда КМШнын парламенттер аралык ассамблеясына, КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттери менен өкмөттөрүнө Ч.Айтматовдун чыгармачылык мурастарын окутууга жана жайылтууга багытталган ар жылдык тематикалык иш-чараларды өткөрүү жагын караштыруу маселеси боюнча кайрылуу жасоо бар. Мындан сырткары, Ч.Айтматовдун чыгармаларын КМШнын орто билим берүү стандарттарынын курамына киргизүү да сунушталды.

Улуу жазуучунун элесин түбөлүккө калтыруу максатында, 2012-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан “КМШ ПААнын Ч.Айтматов атындагы сыйлыгын уюштуруу тууралуу” токтом кабыл алынган. Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын жобосуна ылайык, жылына бир жолу мамлекет тарабынан бирден көп эмес талапкерге 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык ыйгарылат. Сыйлык улуу жазуучунун туулган күнүндө келерки жылдан баштап тапшырылат.

Кемел Белеков

Түп нускага шилтеме : www.kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...