Акыркы макалалар

Көк-бөрү: КРдин президентинин Кубогунун жарым финалчылары аныкталды

25-августта көк-бөрү боюнча Кыргызстан президентинин Кубогу турниринин группалык этабы жыйынтыкталды.

Бардыгы болуп мелдешке 12 команда катышкан. Алар ич ара төрт топко бөлүнүп, үч күн катары менен группадан чыгуу үчүн күрөшүшкөн.

Биринчи орунду алган командалар турнирдин жарым финалына чыгышты. Кубок үчүн күрөшүн "Кабылан", "Талас", "Бөрүлү" жана "Суусамыр" улантат.

Жарым финалдык оюндар 28-августтан тартып жүрөт. Алгач "Талас" менен "Суусамыр" беттешет. Андан кийин финалга чыгуу үчүн "Кабылан" менен "Бөрүлү" ойнойт. Утулуп калган командалар үчүнчү орун үчүн күрөшүшөт.

Финал жана үчүнчү орун үчүн оюн 31-августта Бишкектин "Ак-кула" ипподромунда өтөт.

Эске салсак, ошол эле күнү Эгемендүүлүк күнүнө карата ат чабыш дагы өтөт. Программада "Кунан чабыш", "Жорго салыш", "Ат чабыш".

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...