Акыркы макалалар

Ошто мал союучу жайлардын санитардык талапка жооп бербегендиги аныкталды

Ош шаарындагы мал союучу 6 жайдын жайгашкан орду ветеринардык-санитардык талапка жооп бербейт. Аны башка жакка көчүрүү керек. Бул тууралуу шаррдык ветеринардык жана фитосанитардык, коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Кумар Исаев рейд учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган инспекция тарабынан мал союучу жайларды башка жакка көчүрүү боюнча 2014-жылдын 17-мартында сунуш жолдонгон. Учурда бул маселе каралууда. Эгерде ветеринардык-санитардык талапка жооп бере турган жай болсо, анда мал союучу жайлар көчүрүлөт.

Ошондой эле, «Калаадагы мал союучу жайларды санитардык абалы начар деп жаап койсок, анда жарандар зарылчылыктан улам мал-жандыктарды үйлөрдө союуга өтүшөт. Бул өтө кооптуу. Анткени малдын ветеринардык абалы текшерүүгө алынбай ар кандай жугуштуу оорулар таркап кетиши мүмкүн», - дейт Кумар Исаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...