Акыркы макалалар

Ош шаарында 11 жайда суюлтулган газды сатуу түйүнү уюшулган

Ош шаарында 11 жайда суюлтулган газ сатуу түйүндөрү уюшулган. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу бүгүн, 25-августта облустук кеңешмеден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, суюлтулган газ жаатында эч кандай маселе жок.

Белгилей кетсек, түштүктө газдын жоктугуна байланыштуу эл суюлтулган газды пайдаланышат.

Ош шаарындагы аз камсыз болгон 5226 үй-бүлөгө газ баллон жана газ плиталар таратылып берилет. Маалыматка ылайык, алардын 1775и жер үйдө жашаса, 3451и көп кабаттуу үйлөрдө жашайт.

Жер үйдө жашагандарга газ баллондор, ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына электр плиталар таратылып берилет.

Учурда шаарда газ баллондун баасы 2 миң сом, электр плитанын баасы 2500 сомду түзөт.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...