Акыркы макалалар

АКШда самолет Twitterдеги маалыматка ылайык жерге шашылыш кондурулган

Далластан Сан-Диегого учур бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташуучу самолет ФБРдин талабы менен чукул жерге кондурулган. Буга Twitterдеги "самолетто бомба бар" деген маалыматтын пайда болушу себеп болгон. Бул тууралуу CBS News билдирет.

Инцидент кечээ, 24-августта, 172 жүргүнчүсү менен 362 рейсти аткарып жаткан American Airlines авиакомпаниясынын "Боинг 757"и менен болду. Аризона шатындагы Финикс аэропортундагы шашылыш кондуруу тууралуу чечим ФБРдин агентчилери бомба тууралуу хакерлердин Twitterдеги өздүн аккаунтынан Sony Online Entertainmentтин президенти Жона Смедлиге жиберген билдирүүсүнөн улам кабыл алышкан. Ал эми Смедли мырза дал ушул самолеттун ичинде отурган.

Самолет жерге конгондон кийин жүргүнчүлөр жана экипаж эвакуацияланган, ошондой эле лайнерди жана багажды полициядагылар тинтип чыгышкан. Текшерүүдөн кийин "Боинг" Сан-Диегого сапарын уланткан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...