Акыркы макалалар

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Караколдо машыгууда

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Караколдо машыгууда. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол командасынын машыктыруучусу Мирлан Эшенов билдирди.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бир жумадан бери Караколдо өзүнүн машыгуусун өткөрүүдө. Себеби дегенде,алар жакынкы күндөрү Түштүк Кореяда өтүүчү Эл аралык жолдоштук беттешүүгө жөнөп кетишет. Ал үчүн жакшы даярдыктан өтүп, өздөрүнүн күчүн, тажрыйбасын дагы бир ирет сындан өткөрүүлөрү зарыл. Ошондуктан Эл аралык мелдешке машыгуудан сырткары алар жеринде жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрүшүп, өз чеберчиликтерин көрсөтүүгө аракет жасашууда.

Машыгуунун Караколдо өтүүсүнүн дагы өзгөчөлүгү бар. Биринчиден футболисттер үчүн таза аба, машыгууга ыңгайлуу шарттар болсо, экинчиден курама команданын машыктыруучусу Мирлан Эшенов Караколдун курама командасынан тарбияланган футболист. Андыктан ал өз киндигин кескен сүйүктүү шаарын жана андагы футболисттердин ири чөйрөсүн унутта калтырбай, бул калаадан дагы футболисттердин жаңы агымынын пайда болушун каалайт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы алгач Ысык-Көл районунун Бостери командасынын футболисттери менен жолдоштук беттешүү өткөрүшсө, андан кийинки күнү Каракол шаарынын курама командасы менен беттешти. Белгилей кетсек, Бостери айылдык курама командасы футбол боюнча өткөрүлүп келаткан областтык биринчиликте жеңилеэлек. Бул команда акыркы 11 жылдан бери алдыңкы орунда келе жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...