Акыркы макалалар

Камила Талиева Маданият министрлигинин бюджетин көбөйтүүнү суранды

Маданият министрлигине жалпы республикалык бюджеттен болгону 1 пайыз гана каржы каражаттары бөлүнөт жана бул сумма жетишсиз. Бул тууралуу өкмөттө болгон жыйында Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева маалымдады.

Анын айтымында учурда ведомствого имараттарды оңдоого жалпысынан 11 млн сом бөлүнөт, бирок бул каражат ал тургай бир объектини дагы реконструкциялоого жетпейт.

"Күч блогуна республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнөт экен, эмне үчүн бизге аз? Быйыл Улуттук китепкана ремонт иштерине жабылат, бирок акчаны кайдан алышты биз билбей жатабыз. Анан калса маданият тармагындагы кызматкерлердин айлык акысы болгону 3-5 миң сом, андыктан кадрлар кетип жатат. Мен өкмөттөн биздин бюджетти жок дегенде 2 пайыз көбөйтүүнү сурайм",-деди Талиева.

Бирок Каржы министри Ольга Лаврова азыркы учурда бюджеттен Маданият министрлигине кошумча каражат бөлүнбөсүн, анткени бюджет тартыш экенин айтты.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...