Акыркы макалалар

Ноокен менен Ала-Бука райондорунун акимдерине эскертүү берилди

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн алдындагы коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана коррупцияга каршы туруу боюнча Координациялык кеңешмесинин 20-августта өткөн кезектеги отурумунун чечими менен Ноокен жана Ала-Бука райондорунун акимдерине эскертүү берилди.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн укук тартиби, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башкы адиси Сапаралы Багышовдун берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 10-августунда Ноокен районунун Достук айылында «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсүн көмүүдө хизбутчулар тарабынан маркумду мүрзөгө чейин “Аллоху Акбар, шахид муборак” деп кыйкырып барышкан жана Ала-Бука районунда 16-августта үйлөнүү үлпөтүнө чыккан балдар арасында мушташ болгон.

Аталган райондордун айрым аймактарында коомдук-саясий кырдаалдын өзгөрүүсүнө түрткү берүүгө жасалган аракеттерге каршы жана анын алдын алуу багытында жетишээрлик деңгээлдеги иштерди уюштуруп жүргүзүшпөгөндүгү үчүн Ноокен районунун акими Абдырахман Осмоновго, Ала-Бука районунун акими Алымкул Кулуевге эскертүү берилип, Ноокен районунун Достук жана Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык аймак башчыларына жана башка тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилерине тартиптик чараларды көрүү жагы милдеттендирилди.

Ошондой эле, облустук мусулмандар казыятына жана укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...