Акыркы макалалар

Сууда сүзүү боюнча Никита Пауков бүткүл орусиялык мелдеште жеңүүчү болду

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Никита Пауков Волгоград шаарында үч жолку олимпиада чемпиону Евгений Садов жана олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Василий Ивановдун байгесине болгон бүткүл орусиялык мелдештин жеңүүчүсү болду.

Мелдештин расмий сайтында маалымдалгандай, мелдеш 4 жаш категориясы боюнча өткөн. Кыргызстандык Пауков 13 жашка чейинкилер арасында күч сынашкан. Эки алтын медалды Пауков 200 метр аралыкка сүзүү жана 100 метрге чалкасынан сүзүү боюнча жеңип алган. Ошондой эле, 100 метрге эркин сүзүү боюнча үчүнчү келген.

Жыйынтыктап алганда, кыргызстандык спортчу өз жаш категориясында 51 катышуучунун ичинен биринчи болгон.

Жалпысынан мелдешке 500дөн ашык спортчу катышкан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...