Акыркы макалалар

Жумгал районунда 70 жаштагы С.Медербекова 12 жаштагы небересин бийге үйрөтүп, өзү кошо бийлейт

Жумгал районунда 70 жаштагы С.Медербекова 12 жаштагы небересин бийге үйрөтүп, өзү кошо бийлейт

Нарын облусунун Жумгал районунун Беш-Терек айылынын тургуну Пайгамбар жашына барып калган 70 жаштагы Медербекова Сайра 12 жаштагы небересин бийге үйрөтүп, өз кошо бийлеп келет.

С.Медербекованын айтымында 12 жашар небереси Сүйүнбек кызы Малика 2002-жылы туулган. Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектепте окуп билим тарбия алат. Небересин жашынан бийге шыгы бар экенин билген Сайра апа учурда небереси менен чогу бийлеп ага «жылан» аттуу бийин үйрөткөн.

«Эми жаш кезибизде далай эле бийлеп жүрдүк, неберемдин бала кезинен бийге шыгы бар экенин билип, ага бийди үйрөтө баштагам. Азыр жакшы тарбиячысы жок эле мен үйрөтүп, ушул жылан бийин элге тартуулайлы деп коңшу Кызыл-Жылдыз айылындагы майрамында элге тартуулайлы деп чечкенбиз. Андан тышкары кыргыздын «кара-жорго» бийин дагы бийлейбиз», — деди С.Медербекова.

Түп нускага шилтеме : www.jumgal.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • Admin @ 22.08.2014 @ 11:22

    Кыргыздын баары, кары жашына карабай бийлей баштаганбы?! :-)