Акыркы макалалар

ИИМ УКТ менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлердин атын атап, маселени саясатташтырууну көздөбөйт

20-августта парламенттик «Ата Мекен» фракциясынын кезексиз жыйынында ички иштер министри Абдулда Суранчиев уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарынын, мамлекеттик кызматкерлердин жана кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдардын атын атаган. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бирок айрым маалымат каражаттары жергиликтүү жана шаардык кеңештердин депутаттарынын баардыгын уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү деп туура эмес маалыматтар жарыяланып кеткен.

Ички иштер министрлиги парламенттик фракциянын жыйынында УКТ менен байланышы бар же мурда кылмыш жообуна тартылган жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен мамлекеттик кызматкерлердин аты аталгандыгын билдирет. Бул тизмеде аталган ЖК депутаты өзүнүн атын УКТ менен саясий жагдайдан улам байланыштырылган деп эсептейт.

ИИМ бул маселени саясатташтыруу максатын эч качан көздөбөйт, болгондо да коомчулук УКТ менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлердин атын атоону бир нече ирет талап кылган.

Мисалы, Жогорку Кеңештин «Ар-Намыс»фракциясынын депутаты Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович. Ал Алмаз Бокушевдин досу болуп саналат, алар Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунда чогуу окушкан жана бүгүнкү күнгө чейин эл өкүлү УКТ лидери менен достук мамиледе болуп келет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...