Акыркы макалалар

Түркиядан Ош шаарына декабрь айында 100 автобус келет

Ош шаарына декабрь айында Түркиядан 100 автобус келери күтүлүүдө. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Айтмамат Кадырбаев эмгек ардагерлери менен жолугушууда билдирди.

Ал кошумчалагандай, кошумча 100 автобус келсе, шаардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө бир кыйла жакшырат.

Ошондой эле шаардагы курулуп жаткан эстакадалык көпүрө боюнча да сөз козгоп, учурда биринчи этабы аяктап калгынын белгиледи. Мындан сырткары, 2017-жылга чейин Ош шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы боюнча да сүйлөдү.

А.Кадырбаев быйыл курулуш тармагында өнүгүү болгонун айтып, былтыркы жылга салыштырмалуу 29,3 пайызга курулуш көп болгонун билдирди. Салыштырмалуу быйыл бул тармакка 246 млн сомго жумшалганын ачыктады.

Кошумчалай кетсек, эмгек ардагери менен жолугушуу анын учурда аткарылып жаткан жана жасала турган иштер боюнча кеңеш алуу максатында болду.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...