Акыркы макалалар

Билим берүү жана илим министрлиги мектептердеги ата-энелерден “ыктыярдуу” акча чогултууну текшерет

КРнын Билим берүү жана илим министрлиги республиканын мектептериндеги ата-энелерден “ыктыярдуу” акча чогултуу фактылары текшериле тургандыгын билдирди. Бул тууралуу журналисттерге министр Канат Садыков маалымат берди.

Анын айтуусунда, ата-энелерден “ыктыярдуу түрдө” деп аталган акча чогултуу милдеттүү түрдө болуп калган. “Бул туура эмес. Мен эскертем: биз дагы текшеребиз. Анткени бизге ата-энелерден билдирүүлөр келип түшүүдө. Негизги көйгөй – Бишкекте мектептер жетишсиз болууда, өзгөчө жакшы билим берген мектептерге конкурс менен окуучулар кабыл алынууда. Кээде айрым класстарда 40ка чейин окуучу билим алууда, бул санитардык нормага каршы келет”,- деди Канат Садыков.

Белгилей кетүүчү жагдай, Акыйкатчынын аппаратынан борбор калаадагы “Ак-Өргө” конушундагы №84 мектепке 1-класска баласын орното албаган ата-энеден арыз түшкөндүгүн билдирген болчу. Анда аталган мектептин директору Д.Иманалиева 1-класска 200 бала кезекте болгондуктан, ашыкча балдарды кабыл ала албай тургандыгын билдирген. Бирок Акыйкатчынын кызматкерлери КРнын “Билим берүү” тууралуу мыйзамынын негизинде директорду арыз ээсинин баласын мектепке кабыл алууга милдеттендирген.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...