Акыркы макалалар

Өлкө аймагында 520дан ашык көмүр сатуучу базалар ачылат

Кыргызстандын аймагында 520дан ашуун көмүр сатуучу базалар ачылат. Бул тууралуу кечээ, 18- августта маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди.

Анын айтымында, отун базалары "Кыргызкөмүр" менен биргеликте ачылмакчы. Ал эми Монополияга каршы агенттиги сатылып жаткан катуу отундун баасын текшерип турат.

"Республикадагы электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу биз бардык кыргызстандыктардан газ жана көмүр сыяктуу жылытуунун альтернативдүү ыкмаларына өтүүнү суранабыз. Отун базаларынын ачылышы татаал абалдан чыгуунун бир жолу болуп эсептелет"-деди Артыкбаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...