Акыркы макалалар

Сауд Арабиясы орусиялыктар үчүн 16 400 квота бөлгөн

Сауд Арабиясы орусиялыктар үчүн 16 400 квота бөлгөн

Быйылкы жылы Сауд Арабиясы Орусиядан Ажылык сапарына бара турган 16 400 мусулманды тосуп алмакчы. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында Орусиядан ыйык Мекке шаарына алгачкы топ учуп кетет. Ал эми, 4 –октябрда кайтып келип, Курман айт майрамын Москва шаарында майрамдашмакчы.

Ошондой эле, быйыл өздөрүнүн Ажылык сапарын аткаруу үчүн өлкөнүн 64 аймагынан атуулдар барышат. Алардын көпчүлүгүн түштүк Кавказ , Татарстан, Башкортостан, Пенза жана Москванын төмөнкү облустарынан түзүшкөн.

2014-жылдагы Ажылык сапарга баруучулар үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 4-5,5 АКШ долларын түзгөн. Ал эми Орусиянын акча бирдиги боюнча 140-200 рублдын тегерегинде.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...