Акыркы макалалар

Орусияга 30 миң тоннадан ашык эт жана эт азыктарын экспортоо болжонууда

Айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча колдо болгон мүмкүнчүлүгү менен 2014-15-жылдары Орусия Федерациясына азык-түлүк ташуу боюнча иш планды аткаруу менен КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлиги төмөнкү көлөмдөгү айыл чарба продукциясын сатууну болжоп жатышат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда, эт жана эт азыктары - 30,0-35,0 миң тонна (жергиликтүү тастыктоого макулдашуу орун алганда), сүт продукциясы – 1,5-2,0 миң тонна (жергиликтүү тастыктоого макулдашуу орун алганда), картошка – 50,0-60,0 миң тонна, жашылча – 60,0-70,0 миң тонна, анын ичинен пияз – 15,0-20,0 миң тонна, коон-дарбыз – 5,0 миң тонна, консервацияланган жашылчалар – 200-250 тонна, жүзүм – 3,0-3,2 тыс. тонна, кургатылган жер-жемиштер – 200-220 тонна, жер-жемиштер – 60,0-65,0 миң тонна, жаңгак – 100-120 тонна, минералдык суулар жана алкоголсуз суусундуктар – 15,0-20,0 миң декалитр азыктар болуп эсептелинет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...