Акыркы макалалар

Кыргыз-тажик чек ара аймагында 15 кг жакын баңгизаты бар жашыруун жер табылды

Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери афган өндүрүшүндөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоого багытталган атайын операция жүргүзүшкөн. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде, 10-августта кылдаттык пландалган операциянын жыйынтыгында, баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан атайын жабдылган жашыруун жер табылды, ал жерде 14 кг 876 гр салмагында таза "опий" баңгизаты бар синтетикалык мүшөк табылган, анда баңгизат скотч менен оролгон 15 даана брикетке салынган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка тийиштүү адамдарды аныктоо боюнча баардык тиешелүү оперативдүү-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...