Акыркы макалалар

Соң-Көлдүн шааниси менен мааниси

Соң-Көлдүн шааниси менен мааниси

Кыргыз жергесинин атактуу өрөөндөрүнүн бири – Соң-Көл өрөөнү. Анткени аталган өрөөндө деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте аты уйкаш көл орун алган. Көлдүн төрт тарабындагы жайлоолорго Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун малчылары жылыга келип жайлап кетишет. Быйылкы жылы бул өрөөндө 300дөн ашуун малчы тиричилик кылууда. Маселен, Кочкор районунун 5 айыл аймагынын 75 малчысы Соң-Көлгө келип мал багып жатышса, Жумгалдын 4 айыл аймагынан 90го жакын, Ак-Талаа районунун 4 айыл аймагынан 74 жана Нарын районунун 3 айыл аймагынан 90дон ашуун малчы келишкендигин төрт райондун акимдери өздөрү дал ошол Соң-Көлдө өткөн малчылардын күнүнө арналган азем учурунда айтып беришти.

Ал эми Ак-Талаа районунун азыркы Кызыл-Белес айыл аймагынын Кадыраалы айылынын тургуну, ардагер Мукаш Чотуров ата учурунда ал замандагы чарбанын коюн баккан экен.

– 18 жашыман тарта союз тараганга чейин кой бактым. Андан кийин деле бирин-экин малыбыз жана элдин кой-эчкилерин алып, көнгөн ушул Соң-Көлгө келип жайлап жүрдүк. Биздин убакта малчылардын майрамы катуу өтчү. Себеби партия, өкмөт эмгекти баалоочу да. Күжүлдөп малчылар атчан келчүбүз, азыркыдай машине деген кайда. Жаш кезимде комсомолдун отличниги деп аташкан. Кийин эмгектеги артыкчылык деген медаль менен да сыйлашты. Бир жылы, Акназаров аксакал райком болгон маалда «Волга» машине беришти. Ал эми Соң-Көлдө малчылардын майрамы болот дегенде автолавкалар тизилип, ар бирибизге бирден чемодан карматышчу. Анын ичине чыны, дары-дармек, инди чай ж.б. кылып беришчү. Эми кийинки жылдары да ушинтип малчылар майрамы болуп жатат. Азыр эмне, баарысы менчик да, балам. Дагы ушинтип койгондоруна ыракмат. Малчылар күнүн өткөрбөй коюшса, эмне доолашмак белек. Кийинки жылдары балабыз келип жайлайт. Биз эми карыганда кирип-чыгып, балдарга баш- көз болсок эле жетет. Биздин убакта Соң-Көлдө мал арбын эле болчу. Эми мал көбөйүптүр, байкасам ошол союз маалындагыдай эле малга жеткенсип калыптыр. Бирок жылкы, уй илгери мынчалык санда болчу эмес.

Малчылардын майрамына келгендердин бири Дөөлөтбек Касымалиев болуп чыкты.

– Мен 5 жылдан бери эле мал багып Соң-Көлгө келип жатам. Карамагымда 500 кой-эчки жана 100 уй бар. Майда малды 30, уйларды 100 сомдон багабыз. Жайыт болсо кенен эле. Бирок быйыл жаан жаабай, чөптүн өсүмү начар болуп жатат. Эң башкы эле көйгөй – мал «кара-өпкө» деген оору менен ооругандыгы болду. Кээ бир короолордон 15тей кой-эчки өлүп кетти. «Вистокс» дарысы менен дарылап жатабыз, – деп кыска-нуска кеп айткан Ак-Талаа районунун Куртка айылынын тургуну Д.Касымалиев сүрөткө түшүүдөн баш тартты. Жагдайга Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Карыбек Түлеев да макул болду.

– Чынында быйыл ача туяктуу малдан кой-эчкилер «Брадзот-постереллёз» деген дарт менен оорушту. Өлүмгө учуроолор бирин-серин малчылардын короолорунан катталды. Бирок азыркы тапта оору токтоду, – деп жооп кайтарды К.Түлеев мырза.

Билинбеген менен кадырлуу Соң-Көлгө келген туристтер арбын экендиги ал жерде өткөрүлгөн малчылар күнүндө ачык байкалды. Көптөгөн туристтердин арасынан Германиядан келген ыктыярчы Клара аттуу айымга жолугуп, кыскача баарлашып калдык.

– Мен быйыл Соң-Көлгө төртүнчү жолу келип жатам. Бийик тоодо мындай көл дүйнөдө аз. Биз кымыз ичип дарыланабыз. Бийликтин малчыларга атайын майрам кылганы эң жакшы, – деди турист каарманыбыз.

Албетте, ардагер дагы, жаш дагы айрым малчыларга облус өкүлү өзүнүн, райондор өздөрүнүн Ардак грамоталарын тапшырышты. Тоо­луктарга арнап улуттук оюндар көрсөтүлүп, концерт тартууланды. Өкмөт өкүлү Аманбай Кайы­пов ат оюндарына, кыз куумай жана кыргыз күрөшүнө облустун жана район­дордун аракеттери менен жалпысы 210 миң сом чогулгандыгын белгиледи. Мындан тышкары көк бөрү оюнуна жана аламан жарышка жеке демөөрчүлөр да чыгышып, колдоо кылышты.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...